Жаңылыктар
Баткен: биофабрика пайдаланууга берилди
Билим
Баткен: биофабрика пайдаланууга берилди


Баткен облусунда курулган биофабрикага пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине өлкөнүн вице-премьер министри Дүйшөнбек Зилалиев катышты. Жалпы сметалык баасы 14 миллион сомду түзгөн имарат республикада алгачкылардан болуп Баткен шаарында курулду. 

Биофабрика заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Жаңы ишкананын ишке пайдаланууга берилиши жергиликтүү дыйкандарга органикалык таза айыл чарба азыктарын өндүрүүгө өбөлгө жаратты.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"