Жаңылыктар
Кыргыз тили сабагы Бишкек шаарындагы 11 мектепке киргизилди
Билим
Кыргыз тили сабагы Бишкек шаарындагы 11 мектепке киргизилди

2017 - 2018 - жаңы окуу жылында мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча көп тилдүү билим берүү ыкмасы Бишкек шаарындагы 11 мектепке киргизилди. Ошондой эле жалпы билим берүү мектептеринде мамлекеттик тилди окутуу боюнча билим берүү стандарты, иш-паландарын талкуулоо боюнча илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.  

Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрда, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, өткөргөн “Улут болсоң, тилиң менен улутсуң” - аттуу тил майрамына арналган иш-чаранын жүрүшүндө сөз болду. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”