Жаңылыктар
БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына Алмазбек Атамбаев катышууда
Саясат
БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына  Алмазбек Атамбаев  катышууда

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясы өтүүдө. Ага 130дай мамлекеттин башчылары жана жүздөн ашуун тышкы иштер министрлери чогулду. Жыйынга Президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. Чыр-чатактарды жөнгө салуу, климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаралган жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү, социалдык-экономикалык өнүгүү өңдүү бир катар маселелер жыйындын өзөгүн түздү.

 

Нью-Йорк ар жыл сайын сентябрь айынын экинчи жарымында дүйнө коомчулугунун назарын бурат. Дал ушул учурда Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсеси жайгашкан Манхеттен мамлекет башчыларынын башын бириктирет. Учурда бул кеңсе дүйнөдөгү эң кайтарууга алынган имарат. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жол кыймылына чектөө киргизилген. Полиция күн-түн дебей иш алып барууда. Бириккен Улуттар Уюму Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыкталышы менен түзүлгөн. Андыктан тынчтыкка салым кошуу уюмдун негизги максаты.

 

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун бийик трибунасында жыйындын экинчи күнүндө сүйлөйт.  Бул Башкы Ассамблеянын кызуу талкуулардын чордону болгон залы. Дал ушул жерде Кубанын лидери Фидель Кастро учурунда 4 жарым саат тынбай сүйлөгөн. Жыйынды салтка айлангандай эле Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы ачты. Антониу Гуттериш ааламда болуп жаткан маанилүү маселелерди көтөрдү.