Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 23-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. 

Тоолордо кар түшүп, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Маалыматка ылайык, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 24-сентябрда абанын температурасы төмөндөйт. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.