Жаңылыктар
"Таза Коом" долбоору Нью-Йоркто тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Таза Коом" долбоору Нью-Йоркто тааныштырылды

Сингапур, Эстония баштаган технологиясы өнүккөн өлкөлөр “Таза Коом” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшөт. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясы өтүп жаткан Нью-Йоркто аталган программа тааныштырылды. "Таза Коом" долбоорун башкы ассамблеянын катышуучуларына арналган бет ачар иш-чара Кыргызстандын уюмга мүчөлүгүнүн 25 жылдыгына карата даярдалды.

Санариптик трансформацияны ишке ашырууга багытталган программаны Нью-Йоркто тааныштыруу бекеринен эмес. Себеби “Таза коом” долбоорун Бириккен Улуттар Уюму колдоого алган. Программанын негизги максаты сапаттуу билим берүүнү камсыздап, бардык тармактардагы ачык айкындуулук болушуна жетишүү. Кыргызстандын демилгеси Бириккен Улуттар Уюмунун дээрлик бардык түзүмдөрүнүн кызыгуусун жараткан. Алар долбоорду абдан керектүү деп эсептейт.



Жолугушууга уюмдун түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен катар Сингапур, Эстония, Латвия, Канада, Германия, Норвегия өлкөлөрүнүн адистери да катышты. Алардын “Таза коомго” карата кызыгуусу жогору. Жыйын англис тилинде өтүп, аны Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Джихан Султаноглу алып барды. Негизги докладчы Тышкы иштер министри.

Санариптик трансформацияга багытталган программаны ишке ашырууда Кыргызстан эл аралык коомчулуктан көмөк күтөт. Долбоордун негизги бөлүгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен аткарылат. “Таза коом” долбоорун өз учурунда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы колдоого алган. Июнь айында өткөн конференцияда долбоорго Антониу Гутерреш менен бирге каржылык институттардын өкүлдөрү да оң баасын беришкен.