Жаңылыктар
Кыргызстандагы ишкерликтин орду
Экономика
Кыргызстандагы ишкерликтин орду

Өлкө экономикасына тирек болгон тармактын бири бул - ишкерлик. Чейрек кылымдан берки аралыкта бизнес чөйрөсү бир далай оош-кыйыш мезгилди башынан кечирди. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан чакан жана орто ишканаларга колдоо көргөзүлүп келет. Жагымдуу климат түзүлгөндөн улам бизнестин көзүн тапкандардын иши алдыга жылды. Өкмөт кирип келген ишкерлер күнү менен куттуктап, тармактын мыктыларын сыйлады.

Өкмөт тарабынан мээнети менен бутуна туруп, өзүнө гана эмес өлкө казынасына салым кошуп жаткан ишкерлер сыйланды. Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов сыйлык тапшырып, куттуктоолор айтылды. Экономика министри өз сөзүндө коомдо ишкерлердин орду чоң экенин белгиледи.

 Жаңы ишке кирген өкмөт бул тармакка өзгөчө көңүл буруп жатат. Көтөрүп чыккан программасында бизнести өнүктүрүү жолдору каралган.  Ишкерликти колдоо азыр башталып жаткан жери жок. Соңку жылдары көптөгөн жумуштар жасалган. Жыйынтыгында ишкерлик динамикалуу түрдө өсүп ири пайда алып келчү булакка айланды.

Кыргызстанда ири ишканалар аз, орто жана чакан ишкерлик өнүккөн. Эгемендик алганы базар саясаты, соода-сатык менен ишин баштаган тармак, азыр түптөлүп киреше алып келүүдө. Бизнес чөйрөсүнүн потенциалын билген мамлекет ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.