Жаңылыктар
Жалал-Абад: пахтанын наркы жакшы бааланууда
Экономика
Жалал-Абад: пахтанын наркы жакшы бааланууда

Дыйкандар быйыл пахтага болгон баа жакшы болуп жатканын айтып, жаздан берки эмгек текке кеткен жок дешет. Былтыр ак алтынга болгон баа 43 сомго чейин араң жетсе, азыр терим учурунда эле 44 сомдон ашкан. Азыркы тапта Жалал-Абад облусунун аймагында пахта жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө.

Базар-Коргон району боюнча 21 миң гектар дыйканчылык аянты бар. Анын 3 миң гектардан ашыгын пахта аянты түзөт. Башкалар сыяктуу эле көп жылдан бери пахта эгип келгендердин бири Мухабатхан Төрөкулова. Быйыл да 50 сотых жерине пахта эгип, ага 15 миң сомго жакын акча сарптаган. Азыр биринчи теримди жыйноодо. Быйылкы киреше башка жылдарга караганда жакшы.

Дыйкандар өндүргөн продукциясын алсыка алып барып убара болушпайт. Анткени район аймагында эле 5 пахта завод күнү-түнү иштеп жатат. Ал эми заводдордо иштелип чыккан пахта буласы Түркия менен Россияга экспорттолот. Ал эми адистердин айтымында,жыл сайын пахтага басым жасаган дыйкандардын саны көбөйүүдө. Базар-Коргон районунда эле өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пахта аянты 495 гектарга кеңейтилген.2016-жылы жалпы 9 миң тоннадан ашуун пахта өндүрүлгөн.