Жаңылыктар
“Мегакомдун” сатылышы салыктан түшкөн акчанын көлөмүн көбөйтөт
Кыргызстан жаңылыктары
“Мегакомдун” сатылышы салыктан түшкөн акчанын көлөмүн көбөйтөт

"Мегаком" аталышы менен белгилүү болгон "Альфа Телеком" жабык акционердик коому түз сатууга коюлган. Компаниянын сатылышы - каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу эмес. Бул кадам менен мамлекет компанияны сактап калуу жана өнүктүрүп кетүү чарасын көрүүдө.

Азыр дүйнө жүзүндөгү уюлдук байланыш рыногунда үн менен байланыштан түшкөн киреше азайып, керектөөчүлөр негизинен интернетке ооп кетишти. Ага карабай байланыш операторлорунун арасында атаандаштык күндөн-күнгө күч алууда.

Бирок, “Мегаком” Кыргызстанда рентабелдүүлүгү жана башка көптөгөн критерийлери боюнча алдыңкы орунда турат. Бул учурдан пайдаланып, мүмкүнчүлүк жакшы болуп турганда пайдалуу баага сатып калыш керек дешет адистер. 

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду - компаниянын жеке тараптарга сатылышы уюлдук оператордун өнүгүүсүнө негиз болот деп эсептейт. Анткени, уюлдук оператор өзүнө каражатты көбүрөөк жумшап, атаандашууга жөндөмдүүрөөк болот.

Серепчилер “Мегакомдун” сатылышын өз убагында көрүлүп жаткан чара катары эсептейт. Себеби, компания инвестицияга муктаж болуп турат. “Мегаком” товардык белгиси менен белгилүү болгон “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун сатылышы салыктан түшкөн акчанын көлөмүн көбөйтөт.  Бүгүнкү күндө, “Мегакомдун” акцияларынын 100 пайызы толугу менен мамлекеттики болуп турат.