Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү
Саясат
Алмазбек Атамбаев БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү

Кыргызстан чет элдик өнөктөштөрү менен тең ата сүйлөшө алат. Тышкы саясаттагы көз карандысыз позициясын дагы өлкөнүн улуттун кызыкчылыктарына дал келгендей кылып түзөт.

Мындай пикирин Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан, Бириккен Улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышып жатып айтты. 

Мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы жана ички саясатына байланыштуу өзүнүн позициясын чечкиндүү айтып, кеңири сөз сүйлөдү. Сөзүн аяктап жатып Президент жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти

Айланайын кыргыз элим. Урматтуу мекендештерим!  Сөзүмдүн аягында сиздерге кайрылып жатам. Миң жылдан кийин кыргыз көчү өз жолун тапты. Бул жолду табыш учун миңдеген агаларыбыз, бабаларыбыз канын, жанын берди. Миңдеген апаларыбыз көз жашын төгүп сокур болду.
"Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган?
Сай бар бекен кыргыз каны акпаган?"

 Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт.
 Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун!
 Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун!
 Алданбагыла акчага!
 Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө!
 Ар намысыбызды сактайлы.
 Биримдигибизди сактайлы.
Ата журтубузду сактайлы.
Кыргыз элин сактайлы.
 Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!
 Жашасын эгемендүү Кыргызстан!
 Бар болгула!