Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү кызыды
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү кызыды

Учурда президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү уланып жатат. Ал арада айрым талапкерлер көрнөк жарнактарга чейин асылып, чет өлкөнүн президенттери менен жолугушканга чейин барууда. Негизи шайлоо мыйзамдарында ылайык, үгүт иштеринде мындай кадамдарга тыюу салынган. Керек болсо талапкерлигинен ажыратууга чейин барышы мумкүн. 

Эске сала кетсек, шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлердин бири-бирин каралоодон алыс болуу, үгүт иштеринде мыйзам бузууларга барбоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы аларды ич ара "жигиттик келишимге" келүүгө чакырган. Келишимде талапкерлерге шайлоо учурунда атаандаштарын сыйлоо, атаандаш талапкерлер же партиялардын жеке абийирине, ар-намысына шек келтирүүчү чындыкка коошпогон маалыматтарды таратпоо милдети тагылган. 

Ошондой эле шайлоочулардын добушун сатып алууга, өздөрүнүн тарапкерлерине да мыйзамсыз жолдорго баруусуна каршы турууга талапкерлер милдеттендирилген эле. жигитчилик келишимине Сооронбай Жээнбеков, Арстанбек Абдылдаев, Арсланбек Малиев жана Таалатбек Масадыков гана кол койгон болсо, калган талапкерлер Бабанов, Сариев, Мадумаров, Төрөбаевдер келишимден баш тарткан.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"