Жаңылыктар
Борбор калаада көчө театрларынын эл аралык фестивалы башталат
Маданият
Борбор калаада көчө театрларынын эл аралык фестивалы башталат

Бүгүн көчө театрларынын эл аралык фестивалы Бишкектин борборундагы Курманжан Датка эстелигинин алдында башталат. Ага Европа, Борбор Азия жана Кыргызстандагы чыгармачыл топтор катышмакчы. 

Буга чейин уюштуруучулар иш-чараны кызыктуу өткөрүү жана фестивалга катышуучуларды тандап алуу үчүн Европадан адистерди чакырган. 

Мыкты өнөрүн көргөзгөн актерлер чет өлкөдөгү ушундай эле иш-чараларга катышууга чакырылат. Көчө театрларынын фестивалы 21-24-сентябрга белгиленген.