Жаңылыктар
Дүйшөнбек Зилалиев премьер-министрден эскертүү алды
Саясат
Дүйшөнбек Зилалиев премьер-министрден  эскертүү алды

Премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо боюнча Штабдын төрагасынын милдетин Темир Жумакадыровго жүктөдү. 

Өкмөт башчы мындай кадамга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттикке талапкерлердин бирин колдоорун ачык жарыялагандыгына байланыштуу барды. 

Эске салсак, 19-сентябрда Дүйшөнбек Зилалиев Баткен элинин активи менен жолукканда талапкерлердин ичинен бирөөсүн колдорун айткан. Сапар Исаков ошондой эле Штабдын мүчөлөрүнө шайлоо тизмелеринин сапаттуу даярдалышына, шайлоо тилекелеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга жана жарандардын эркин шайлоосуна шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.