Жаңылыктар
Спортчулардын стипендияларын жогорулатуу жагы каралууда
Спорт
Спортчулардын стипендияларын жогорулатуу жагы каралууда

Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдө ири жетишкендиктери бар спортчулардын стипендияларын жогорулатуу жагы каралууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нуржан Бардинова билдирди.

Анын айтымында, жогорку категориядагы стипендияны олимпиадалык оюндарда, дүйнөлүк чемпионаттарда 1-2-3-орундарды, Азия оюндарында 1-орунду ээлегендер алышат. 

Ошондой эле, сунушталган өзгөрүүлөр тууралуу жобо такталып, жаңыдан бекитиле турган болсо, төлөм алуучулардын катарына улуттук спорттун түрлөрүнөн дагы мыкты ийгиликтерди жараткандар кошулат. Аларга деп стипендиялык фонддун 10%ы каралмакчы. Жалпысынан стипендия алуучулардын тизмесинде 274 киши бар.