Жаңылыктар
Азия оюндары: Бекзат Тынчтыкбеков бел боо күрөшүнөн биринчиликти багындырды
Спорт
 Азия оюндары: Бекзат Тынчтыкбеков бел боо күрөшүнөн биринчиликти багындырды

Кыргызстандык спортчу Бекзат Тынчтыкбеков Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында алтын медаль тагынды.

Мелдештердин 5-күнүндө, 20-сентябрда бел боо күрөшү боюнча 14 комплект медаль ойнотулган. Анда Бекзат Тынчтыкбеков бел боо күрөшүнүн классикалык ыкмалары боюнча 55 кг чейинки салмакта күч сынашып, пакистандык жана түркмөнстандык атаандаштарын жеңип, биринчиликти багындырды. 

Азия оюндарындагы Бекзат Тынчтыкбековдун байгеси Кыргызстандын куржунундагы экинчи алтын медаль болду. Буга чейин Абдурахман хаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча алтын байге алган. Учурда Кыргызстандын эсебинде 26 медаль — 2 алтын, 9 күмүш жана 15 коло медаль бар. Ал эми жалпы турнирдик таблицада Кыргызстан 12-орунга чыкты.