Жаңылыктар
Быйыл Токтогулда өндүрүлгөн балдын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп
Экономика
Быйыл Токтогулда  өндүрүлгөн балдын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп

Быйыл Токтогул районунда өндүрүлгөн балдын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп. 2016-жылы район боюнча өндүрүлгөн бал 250 тоннадан ашкан болсо, быйыл 300 тоннадан ашуун өндүрүлдү. 

Ал эми райондо бал челек кармагандардын саны 500дөн ашат. Район акими Майорбек Сатымкуловдун айтымында, райондо балды өндүрүү боюнча жылдан жылга жылыштар болуп жатканы менен, аны экспорттоо жагын колго алуу кыйын болуп келүүдө. 

Мындан улам балды чет өлкөгө сатууга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл. Анткени Токтогул районунда жыл жакшы болгон кезде 600 тоннага чейин экологиялык таза бал өндүрүлөт.