Жаңылыктар
Коңшу элден колдоо күткөн талапкер
Саясат
Коңшу элден колдоо күткөн талапкер

Жеке кызыкчылык мамлекеттикинен дагы жогору болушу керекпи? деген суроо коомчулукта жана эксперттер арасында кызуу талкууга түшүүдө. Талдоочулар менен тарыхчылар талапкер Бабановдун Казакстандын президентинен колдоо күтүп, бата сурап барганын кыргыз элинин беделине шек келтиргени деп баа берүүдө. Теманы кабарчыбыз Уланбек Дыйканбаев улантат. Эксперттер президенттикке аттанган талапкердин жасаган ишине айран-таң калууда. Тарыхчы Баяс Туралдын айтымында, Өмүрбек Бабанов коңшу өлкөнүн лидерине ийилип баргыча, андан көрө кыргыз аксакалдарынан бата алса жакшы болмок. Коомдук ишмер Бабанов бул кадамы менен өз тандоосун кабыл алайын деп турган элдин кадыр-баркын тебелеп, аброюна шек келтирди деген ишенимде. 
Мындай жолугушуу президенттин күн тартибине, убактысына жараша карата бир ай мурун же андан да көп убакыт алдыда сүйлөшүлөт, - деп билдирет саясат таануучулар. Алар Өмүрбек Бабанов үгүт иштери кызыган учурда жолугушуу болоорун алдын ала билген деп божомол кылууда.


Кыргызстандын Казакстандагы мурдакы элчиси Тилектеш Ишемкулов Нурсултан Назарбаевдин сөзүнө Кыргызстандын ички ишин кийлигишүү жана талапкерди ачык колдоо катары баа берет. Чуу жаратка жолугушуу жөнүндө белгилүү укук коргоочу, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун айланып өтө алган жок. Ал Бабанов өзүн артык көргөзөм деп, бул кадамы аркылуу өз рейтингин ылдый түшүрүп алды деп эсептейт. Укуктук жагынан караганда башка өлкө башчылары менен жолугууга болот же болбойт ал башка суроо. Талдоочу, саясат таануучу жана тарыхчылардын пикири боюнча президенттикке талапкер биринчи кезекте өзү башкарчу элдин жана өлкөнүн кадыр-баркын биринчи орунга коюп, анан кадам таштоо керек.