Жаңылыктар
С.Исаков бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда билдирди
Экономика
С.Исаков бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда билдирди

Өкмөт бизнес менен тыгыз байланышта болуп Жаңы доорго кырк кадам өнүктүрүү программасынын алкагында Таза Коом долбоорун ишкер чөйрө менен чогуу ишке ашырганга даяр. Мындай пикирин Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн алдындагы бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда билдирди. Айтымында санариптик трансформациялоого өткөндөн кийин коррупцияга бөгөт коюлат, бул жеке жактардын мамлекеттик органдар менен байланышы жоюлат дегендик. Ишкерлерге, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлүп, стартап долбоорлорго дем берилет.

Өкмөт башчы санарипке өтүү боюнча “Таза Коом” программасынын алкагында ишке аша турган “электрондук саламаттык сактоо”, “Акылдуу шаар” сыяктуу негизги багыттар мамлекеттик жеке өнөктөштүк жолу менен жүзөгө ашырсак болот-деди. Долбоорунун алкагындагы негизги программаларды ишке ашырууга кызыкдар болгон ишкерлер да бар. Ишкерчиликке жагымдуу шарт түзүп берүү өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири. Бул маселе орто жана узак мөөнөтүү өнүктүрүү программасына камтылган. “Таза Коом” долбоорунда да бизнести алдыга жылдыруу боюнча өзүнчө бөлүм бар. Өкмөт бул долбоорлорду аягына чыгарууга кызыкдар.