Жаңылыктар
Тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү
Маданият
Тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган шаардык майрамдык салтанат Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү.Бул тууралуу Бишкек шаарынын маалымат кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов катышуучуларды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тил ынтымактын, достуктун жана биримдиктин тили деп белгиледи.

Майрамдык иш-чара  сахналаштырылып, расмий бөлүктө майрамдык куттуктоо сөздөрү айтылып,  шаардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде иш
жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис” сынактарынын жыйынтыгы боюнча алдыңкыларга сыйлыктар тапшырылды. 
Шаардык иш-чара майрамдык концерт менен коштолду.