Жаңылыктар
Мексикадагы жер титирөөдөн турак жайлар жана имараттардын көпчүлүгү кыйрап калды
Дүйнө
Мексикадагы жер титирөөдөн  турак жайлар жана имараттардын көпчүлүгү кыйрап калды

Мексикада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 273кө жетти. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, Мексиканын калктуу конуштарында жабыркагандар көп. 

Алар жашаган турак жайлар жана имараттардын көпчүлүгү зилзаланын кесепетинен жараксыз абалга келип, кыйрап калды. Эскерте кетсек, күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө 19-сентябрда болгон. 

Табигый кырсык болгон аймактарда 20 миллиондон ашык киши жашайт. Зилзаладан бир катар имараттар кыйроого учурап, тургундар урандынын алдында калышкан.