Жаңылыктар
Тил күнүнө карата мекеме-ишканада майрамдык салтанаттар уланууда
Маданият
Тил күнүнө карата мекеме-ишканада майрамдык салтанаттар уланууда

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата өлкө аймагындагы ар бир мекеме-ишканада майрамдык салтанаттар уланууда. Бишкек шаардык мэриясы тил майрамын, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда белгилөө учурунда, шаардын мунициаплдык кызматкерлери 2018-жылы кыргыз тилин билүү боюнча  “Кыргызтест” түзүмүнүн серитификатын алууга даярдык көрүп жатканы айтылды. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 117 аталыштагы жаңы китеп чыгарды. Бул балдар бакчасы, мектеп жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу-методикалык илимий популярдуу китептер: математика, тарых, музыка, техника жана башка болуп кетет.  Мындай массалык көлөмдө мамлекеттик каржылоо буга чейин эч качан болбогонун  окумуштуулар белгиледи.  

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"