Жаңылыктар
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы эне тил майрамын белгиледи
Спорт
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы эне тил майрамын белгиледи

21-сентябрь күнү Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү максатында, мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген аталыштагы иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чарага Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясынын кызматкерлери, машыктыруучулары катышты. Майрамдык иш-чара конкурстук негизде өтүп “Ордо” жана “Тогуз коргоол” командаларынын жарышы менен коштолду. 

Программада саламдашуу, көркөм окуу, көргөзмө оюндар (чүкө оюндары, кыргыз күрөшү), макал, жаңылмач айтышуу, кыргыздын фразеологизм сөздөрүнүн маанисин чечмелөө киргизилген.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясынын директорунун орун басары Аскар Мадаминов Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш чараны ачып баардык катышуучуларды куттуктап, эни тилди көздүн карегиндей сактоого чакырды жана ошондой эле ушундай иш-чаралар көп болоорун белгилеп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды.
Мелдештин калыстар тобу командалардын улуттук кийимдерине, маалыматтык негизде даярдалган баннерлерге, улуттук тамак-ашка көңүл болду.
Командалардын тизмеси:
Ордо командасы : Жаныбек кызы Арууке-Команда башчысы
Жаныбек уулу Эмирлан
Арсен Арзыкулов 
Эльвира Барисова 
Тогуз коргоол : Жигитали уулу Талант –команда башчысы
Максатбек кызы Айтурган
Тынарбек уулу Амантур
Эркинбек кызы Айгерим
Марлис Дуулатбеков 
Катышуучуларга коюлган тапшырмалар бүткөн соң эсептөө комиссиясы жыйынтык чыгарганча жалпы аудиторияга фразеологизм сөздөрдү чечмелөө боюнча суроо-жооптор жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында 63 упай менен тогуз коргоол командасы жеңүүчү болду. Жеңүүчү болгон командага жана жалпы катышуучуларга Срорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясынан белектер тапшырылды.