Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
Экономика
Алмазбек Атамбаев АКШда  ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев АКШга жасаган иш сапарынын алкагында америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы аларды Кыргызстан менен кызматташууга чакырып, ишкерлердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Атамбаев өлкөдө салык мүмкүн болушунча төмөндөтүлгөнүн, бизнес ар тараптан коргоого алынаарын билдирди. Ошондой санариптик экономиканы жандандырууга аракет көрүлүп, адилеттүү, таза коомдуу түптөөгө күч жумшалып жатканын да кошумчалады. 

Кыргызстанда инвестицияга жагымдуу шарттар түзүлгөнүн америкалык ишкерлер да белгиледи. Мамлекет башчы менен жогушууга “Дженерел Электрик”, “Акго корпорейшн”, “Сити”, “Кока-кола”, “Майкрасофт” өңдүү ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.