Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну жактырды
Шайлоо 2023
Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну жактырды. Мындай маалыматты парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жыйын жабык эшик артында өтүп, ага Сапар Исаков баштаган кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү министрликтери менен мекемелердин жетекчилери катышты. 

Жабык жыйындын жыйынтыгында кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сентябрда Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келип, анда эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлган. Алардын негизгиси кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча макулдашуу болчу.