Жаңылыктар
БШК: жарандар тарабынан үгүт иштерине байланыштуу арыздар түшүүдө
Шайлоо 2023
БШК: жарандар тарабынан үгүт иштерине байланыштуу арыздар түшүүдө

БШК жарандар тарабынан үгүт иштеринин жүрүшүнө байланыштуу 30га жакын арыз келип түштү. Жалпыга маалымдоо каражаттарына БШК шайлоочулардын жаңыланган тизмесин берди. Анда шайлоочулар алгачкы тизмеге караганда 69 миңге көбөйө түшкөн. Аймактык шайлоо комиссиялары, алдыдагы саясий өнөктүккө календарлык пландын негизинде даярдык көрүп жатат. Улуттук холдинг ААК коомунан билдиришкендей, 15 - октябрь шайлоо күнү электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоого карата 2374 шайлоо тилкелери ачылган. Анын 33 кошумча тилкерер болсо, 37 чет өлкөлөрдө жайгашат. Сясий өнөктүктү өткөрүүгө 25 миңге жакын аймактык жана участкалык комиссиянын курамы тартылган.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"