Административдик мыйзам бузгандар коомдук иштерге тартылууда. Шаардын райондору райондук соттор менен биргеликте тартип бузгандарды коомдук жумуштарга салууда.
Тагыраак айтканда, аларга көчөлөрдү шыпыртып-тазалатууда. Аларды жеринде милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.
Мэриянын маалыматы боюнча, негизинен майда-барат деп эсептелип ээн баштык кылгандар, тагыраак айтканда таштандыларды өрттөп жибергендер, көчөгө акыр-чикир таштагандар, өз билемдик менен бадалдарды кесип, бутап жиберген сындуулар коомдук иштерге тартылууда.
Бул өз кезегинде алардын жоопкерчилигин ойготуу жана мыйзамды сыйлай билүүгө тарбиялайт.