Жаңылыктар
Сапар Исаков: "Кыргыз тилине чоң камкордуктар көрүлүүдө"
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаков: "Кыргыз тилине чоң камкордуктар көрүлүүдө"

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында 23-сентябрь - мамлекеттик тил майрамына карата иш-чара болду. Тил майрамына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Премьер-министр Сапар Исаков баштаган министрлер келишти. 

Ал эми Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун Президенттик Аппараттын бөлүм башчысы Мира Карыбаева жеткирди. Чыныбай Турсунбеков мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Жогорку Кеңештин атынан 200 миң сом ыйгарды. 

Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү жакшы жолго коюлуп жатат жана жакынкы күндөрү бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргызтесттен өтүп баштайт. 

Ошондо, кыргыз тилин билет деген атайын сертификаты барлар гана мамлекеттик кызматтарда иштей алышат. Иш-чарада мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон ишмерлер мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгилери жана ардак баракчалары менен сыйланышты.