Жаңылыктар
Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары
Саясат
Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто "Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары аракетте" аталышындагы атайын кеңешмеге катышты. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулду. БУУ дүйнө коомчулугун бир катар маселелерге көңүл бурууга чакырган. Аларды аткарууга Кыргызстан да кызыкдар.

Кыргызстан алдыга бир топ максаттарды коюп, аларды ишке ашырып келатат. Мамлекет башчысы кеңешменин катышуучуларына Кыргызстан башынан өткөргөн оор күндөр тууралуу айтып берди. Мурдагы башаламан башкаруу менен саясий туруксуз абал - өнүгүүгө тоскоол болуп келген. Андыктан 2013-2017-жылдарга карата өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы мамлекет үчүн маанилүү документ болду.

Президент быйыл жыйынтыгы чыгарылып жаткан улуттук стратегия жемишин берди деп эсептейт. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү түптөлүп, келечекке үмүт жаратты.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Европа Биримдигинин ВСП+ макамын алган саналуу мамлекеттердин катарына киргенин да баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн туризм жаатындагы рейтинги менен да сыймыктанат.

Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Электр энергиясы өзүнө тартыш болгон учур артта калып, эми экспорттоло баштады. Транспорттук инфраструктура жакшырды. Ошондой эле билим берүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда.