Жаңылыктар
Кыргызстан-Өзбекстан: мамлекеттин кызыкчылыгы бийик турушу керек
Саясат
Кыргызстан-Өзбекстан: мамлекеттин кызыкчылыгы бийик турушу керек

Парламенттин "Республика - Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара келишимин ратификациялаган мыйзам долбоору боюнча чечимди кабыл алган жок. 

 "Республика - Ата Журт" азырынча мыйзам долбоору фракцияда талкууга алынбаганын билдирет. Коомчулук эки мамлекеттин көптөн күткөн чек ара маселеси боюнча чечимди кабыл албай жаткан айрым фракциялардын мындай аракеттерине нааразы болууда. 

2017-жылдын 6-сентябры эки элдин көптөн күткөн тарыхый күнү болуп калат. Эки өлкөнүн калкынын 20 жылдан ашуун мезгилден бери күткөнү ишке ашырылды. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим толук макулдук таап, ага мамлекеттердин президенттери кол коюшту. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 85 пайызы такталат дегендик. 

Эки президент келишимге кол койгон соң кийинки күнү “Достук” чек ара бекети ачылып, иштей баштады. Чек ара кесип өтүүдө мурдагыдай телеграмма-чакыртуу жөнөтүүнүн кажети жок. Жакындарын кээде жылдап көрбөй калышкан жергиликтүү эл бул саамалыкка өзгөчө кубанычта болушту. 

Эл аралык иштерде тажрыйбасы бар эксперттер парламенттеги айрым саясий күчтөр саясий кызыкчылыгын көздөп коңшу өлкөлөрдүн алдында жалпы мамлекеттин беделине шек келтирип жатканын белгилейт. Талдоочулардын пикиринде жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турат.