Чүй облусунун Ысык-Ата райондук РЭСи мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурду. Салтанатка Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин ишкерлери, «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери жана Ивановка айылынын тургундары катышты.
Иш-чаранын алкагында РЭСтин имаратында кыргыз тили боюнча бөлмөнүн ачылыш аземи болду. Ысык-Ата РЭСтин кызматкерлеринин айтымында, бөлмө атайын тил күнүнө карата он күндүн ичинде оңдоп-түзөөдөн өткөн. Салтанат кызматкерлер тарабынан уюштурулган чакан концерт менен коштолду.