Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү көйгөйү жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү көйгөйү жеңилдеди

19-сентябрь күнү ачылып, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте иштеп жаткан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек "Баймак" чек ара бекетинен ушул тапка эки тараптан тең 800гө жакын адам өттү. Учурда чек ара бекеттен жөө адамдар жана жеңил автоунаа менен өтүүгө уруксат берилген.Бирок, ал үчүн унаанын тийиштүү документтери жайында болушу шарт.

Коңшу эки элдин айтымында,чек ара бекеттеринин ачылышы элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдейт.Аны менен катар эле соода-сатык жана туризим тармагынын жанданышына зор салымын кошот.Белгилей кетсек, Ала-Бука району - Өзбекстандын Наманган облусунун Касан-Сай району менен чектешет.