Жаңылыктар
Кыргызстандын Кубогун "Дордой" утту
Спорт
Кыргызстандын Кубогун "Дордой" утту

23-сентябрда баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо "Дордой" жана "Алай" командалары Кыргызстандын Кубогу үчүн беттешти.

Оюн башталары менен 2 команда тең гол киргизгенге аракет кылып, бир канча кооптуу учурларды жаратышты. Бирок оюндун 2 таймында тең эсеп ачылган жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды.

Жеңген командага 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул Кубокту уткан командалар (1992-2016):
«Дордой» - 8, СКА-ПВО - 7, «Абдыш-Ата» - 4, «Алга» - 2, «Ак-Марал» - 1, «Семетей» - 1, «АиК» - 1, «Алай» - 1 жолу.