Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Таза шайлоо үчүн”
Шайлоо 2023
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Таза шайлоо үчүн”

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Таза шайлоо үчүн” кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 15-октябрда өтүүчү шайлоого карата даярдык боюнча кыскача маалымат берди. 

Жыйында жаңы конституциялык мыйзамдын негизинде киргизилген бир катар өзгөрүүлөргө токтолду. Алсак, мурда шайлоочулардын тизмеси акыркы 45 күндүн ичинде илинсе, жаңы өзгөрүүлөр боюнча добуш берүүгө 60 күн калганда жарыяланды. Ошондой эле, көрүүсү начар шайлоочулар үчүн атайын трафареттер менен лупалар коюлат. Муну менен катар арыздар менен иштөө тартиби да жаңыланган. 

Арыздардын электрондук реестри ишке ашып, бардык түшкөн арыздар БШКнын мүчөлөрүнө электрондук вариант менен жиберилип, андан соң тийиштүү жумушчу топторго жиберилет. Жолугушуу маалында БШК автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсү жана добуш берүү процессиндеги тартип тууралуу атайын презентация көрсөтүп, кызыктырган суроолорго жооп беришти.