Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң продукциясы алты пайызга көбөйдү
Экономика
Кыргызстандын ички дүң продукциясы алты пайызга көбөйдү

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча жарым жылдын жыйынтыктарын чыгарды. Ага ылайык, январь-август айларында ички дүң продукция 238 млрд сомду түздү. 

Комитеттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, өткөн жылга салыштырмалуу ИДП алты пайызга өстү. Ички дүң продукциянын өсүшү кайра иштетүү, курулуш, айыл чарба тармагындагы жылыштарга байланыштуу болгон. Бул жаатта өсүү өткөн жылга салыштырмалуу 113 пайызды түздү. Ал эми кызмат көрсөтүү тармагында 2016-жылга салыштырмалуу өзгөрүү дээрлик байкалган эмес.