Жаңылыктар
ПМ: тартип бузуучуларга жалпы 3 млн 455 миң сом айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
ПМ: тартип бузуучуларга жалпы 3 млн 455 миң сом айып пул салынды

Өтүп бара жаткан жумада Бишкек шаарында патрулдук милиция тарабынан администрациялык укук бузуулар боюнча 5 миң 445 протокол түзүлгөн. Аны менен тартип бузуучуларга жалпы 3 млн 455 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 18-сентябрдан 22-сентябрга чейин борбор калаа аймагында 5 жарым миңге жакын укук бузуулар катталган. 

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 26 айдоочу мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалса, 110 жаранда тиешелүү документтери жоктугу аныкталган. 1 миң 769 айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн айып пулга жыгылган. Ал эми 628 айдоочу автоунааны токтотуу эржесин сактабаганы үчүн административдик жазалоого кириптер болду. Мындан тышкары, 264 жаранга светофорго баш ийбегени үчүн, 29 айдоочуга айнектерин караңгылатканы үчүн деп тиешелүү чаралар көрүлгөн.