Жаңылыктар
Бишкек: түнкү рейдде мас абалында унаа башкарып жүргөн 20 айдоочу катталды (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: түнкү рейдде мас абалында унаа башкарып жүргөн 20 айдоочу катталды  (видео)

Бишкек шаарында 22нен 23-сентябрга караган түнү жүргүзүлгөн  рейдде 20 айдоочунун мас абалында унаа башкарып жүргөнү катталды. Алардын бешөө аял киши болушкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бир түндө эле эреже бузгандардын саны 280ге жетип, протокол толтурулган.   Ал эми, жалпы жолунан 36 унаа атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилген. 

Быйыл Кыргызстанда  адам өмүрлөрүн алган жол кырсыктары көп катталып, бул тууралуу телерадио, интернетте ж.б. маалымат булактарында байма бай кабарланууда. Бирок мындай кайгылуу кабарлар  эреже бузуп айдап, ал тургай мас абалында дагы унаа башкаргандардын санын азайта албай келет.