Жаңылыктар
Чубак ажынын үгүтү үчүн Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди
Шайлоо 2023
Чубак ажынын үгүтү үчүн Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди

24-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы диний аалым, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун президенттикке талапкерлердин биринин пайдасына үгүт жүргүзгөнү боюнча арызды карады.

Жыйында Чубак ажы талапкердин Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуусуна конок катары барганы, аны иш-чаранын уюштуруучусу, президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев чакырганы айтылды. 

Талаш-тартыштардан соң жыйынтыгында Чубак ажынын үгүтү үчүн Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди. Ошондой эле БШК өзүнүн токтому менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга бардык диний конфессиялардан үгүт иштерине катышпоосун талап кылган кайрылуу жибермей болду.