Жаңылыктар
Мамлекет менен диндин кызматташуусу
Дин
Мамлекет менен диндин кызматташуусу

Бишкек шаарында өтө турган "Азыркы светтик мамлекеттеги ислам" деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Иш-чарага 19 мамлекеттен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, эл аралык кадыр-барктуу уюмдардын өкүлдөрү жана белгилүү ислам таануучулардын келиши күтүлүүдө.

Конференцияга келе жаткан 19 өлкөнүн өкүлдөрү эң эле биринчи өздөрүнүн мамлекетиндеги бийлик менен диндин кызматташуу тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү. Ал эми Кыргызстан бул багыттагы бай тажрыйбасы тууралуу айтып берет.  

Кыргызстан буга чейин эле 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын кабыл алган. Бул концепция диний уюмдардын жана бирикмелердин ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги багыттарын жана принциптерин аныктайт. Учурда концепцияда көрсөтүлгөн багыттар четинен ишке ашып келе жатат. 

Бул идея учурда өзгөчө актуалдуу. Экстремизм, терроризм жана радикалдашууга каршы күрөшүүдө мамлекет менен диний коомчулуктун өз ара натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү деп эсептешет адистер. Конференцияга 19 мамлекеттен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын, эл аралык кадыр-барктуу уюмдардын өкүлдөрү жана белгилүү ислам таануучулардын келүүсү күтүлүүдө. 

Форумга чет мамлекеттерден жана Кыргызстандан 100дөн ашык окумуштуулар катышат. Иш-чара 28-29-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.