Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, мындай арыз БШКнын жалпы бөлүмүнө 25-сентябрда келип түшкөн. Камчыбек Ташиевдин аты-жөнү шайлоо бюллетенине кирип калган.
Эми анын аты-жөнү шайлоого үч күн калганда аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол менен чийилет, - деди Бекматов. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. БШК бекиткен шайлоо бюллетенине 13 талапкер киргизилген. Жарыштан баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү мыйзам боюнча шайлоого үч күн калганда чийилет.