Жаңылыктар
Сапар Исаков Чоң-Алайдын тургундарынан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаков Чоң-Алайдын тургундарынан кабар алды

Премьер-министр Сапар Исаков Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында жергиликтүү тургундар менен жолукту. 

Жолугушууда тургундар ипотекалык насыя алуунун жолдорун жеңилдетүү, бир катар айылдарга чек арада жайгашкан аймак катары макам берүү, жогорку окуу жайларга балдарды окутууга кеткен каражаттарга жеңилдиктерди киргизүү, пенсияны жогорулатуу жана көмүрдүн баасын көтөрбөө сыяктуу бир катар маселелерди көтөрүштү. Өкмөт башчы айтылган бардык маселелер ыкчам түрдө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып чыгарын билдирди. 

Премьер- жеңилдетилген насыя берүү жолдорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча маселени Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими Жумадилла Жапаровго жүктөп, ага насыяга муктаж болгон жарандардын тизмесин тактоону тапшырды. Андан соң Сапар Исаков көп балалуу Рахманали Маматовдун үйүнө барып, анын жашоо шартынан кабар алды. Өкмөт башчы ага материалдык жардам көрсөттү.