Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Түркмөнстандын борборунда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду.
Чейрек финалда япониялык Акие Ханаи атаандашын жеңген Тыныбекова, жарым финалда 36 секундада вьетнамдык Дао Тихуонду уткан.
Ал эми финалда кытайлык атаандашы Пей Хингруга 1:4.эсебинде уттуруп койду. Учурда аталган оюндан Кыргызстан 55 медаль топтоду. Алардын жетөө алтын, 17си күмүш жана 31 коло.