Жаңылыктар
Мектептердеги жазгы эс алуу 5 күнгө созулат
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептердеги жазгы эс алуу 5 күнгө созулат

Мектептерде жазгы эс алуу 17-мартта башталып, беш күнгө созулат. Билим берүү министрлигинен маалымдагандай, эс алуу күндөрүн эске албаганда окуу жылынын узундугу 1-класттар үчүн 33 окуу жума, 2-4-класстар үчүн 34 оку ужума, 5-11-класстар үчүн экзамендерди эске алуу менен 34-36 жумага чейин созулат. 

Бишкек шаардык мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгы үчүнчү чейректин жыйынтыгын чыгарып, 21-март Нооруз майрам күнү эрте мененки 8ден кечки 8ге чейин мектептерде кезектешүүнү уюштурууну тапшырды.