Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев тартип сакчылары үчүн Токмокто салынган үйдүн ачылыш аземине катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев тартип сакчылары үчүн Токмокто салынган үйдүн ачылыш аземине катышты

Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигин кызматерлери үчүн Токмок шаарында салынган үйдүн ачылыш аземине катышты. 

Мамлекет башчысы тартип сакчыларын жаңы конушу менен куттуктап, акыркы 7 жыл аралыгында тартип сакчыларына болгон мамиле өзгөргөнүн билдирип, аскер кызматкерлери, тартип сакчылары жана чек арачылар мене куткаруучуларга үйлөрдү куруу уланып жатканын белгиледи. 

Мамлекет башчысы укук коргоо кызматкерлерине мамлекет тарабынан көнүл бурулушу керек экенин билдирип, келерки бийлик бул аракетти улантаарына ишенимин артты.