Жаңылыктар
Добуш сатып алуу тууралуу маалымат чыкса, ыкчам аракет көрүлөт
Шайлоо 2023
Добуш сатып алуу тууралуу маалымат чыкса, ыкчам аракет көрүлөт

Административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алууга каршы күрөш. Бул азыр өкмөттүн эң башкы маанилүү жумушу. Президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штаб масштабдуу түрдө иш алып барып, четинен мыйзамсыз аракеттер аныктала баштады.

Үгүт иштери жүрүп жатканына жарым айдан ашты. Талапкерлер өз арбайын согуп, эл-жерди аралап үгүт иши менен алектенсе, өкмөт шайлоону таза жана ачык өткөрүү аракетинде. Президент республикалык штабдын жетекчиси Темир Жумакадыров менен БШК төрайымын кабыл алып шайлоону таза жана ачык өткөрүү тапшырмасын берди. 

Административдик ресурс же добуш сатып алуу тууралуу маалымат чыкса, ыкчам аракет көрүлүшү керек.
Ал ортодо жаштар элди азгырыктарга алдырбоого чакырып, талапкерлерди башка өлкө башчыларына чуркап барбасын деп кайрылуу жасашты.
Шайлоо күнүнө 3 аптага жетпеген күн калды. Талдоочулардын пикиринде кызыктын баары алдыда.