Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлерди үгүт иштерин талаптагыдай жүргүзүүгө чакырат.
Саясий жараянды тынч өткөрүү үчүн алар ар кандай мыйзамсыз аракеттерден алыс болушу керек.
Бишкекте уюштурулган жыйында шайлоодогу коопсуздук маселеси талкууланды.
Анда Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги үгүт жүрүп жаткан учурдагы мыйзам бузууларды кылдат иликтеп, укуктук баа бериши керектиги белгиленди.