Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкананын "Америка борборунда" чыгармачыл лабораториянын ачылышы болду. Инновациялык иш-чарада балдар мектепте алган билимдери аркылуу 3Д принтерден чыгарган түрдүү фигураларды эми өз колдору менен жасоосуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Илимий жарманкенин эшиги 2 күн ачык болот. Инновациялык борбор мындан ары китепканада дайыма иштейт.
“Мэйкэр Спэйс” кыймылы -илим, технология, инновация менен математиканы билдирет. Электрондук китептер, видео оюндар, конструктор жана башкалардын баары балдардын так илимдерине кызыгуусун арттырып, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган. Жабдыктардын баары Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосунда алынган.
Илимий жарманке 26-27-сентябрда иштейт. Анын каалгасы бардык каалоочуларга ачык жана акысыз. Инновациялык борбор андан кийин да ишин улантат. Ошондой эле мындагы жабдыктар республикадагы америка борборлоруна да берилет.