Жаңылыктар
Кувейттик дарыгерлер операцияга муктаж болгон балдарга акысыз кызмат көрсөтүүдө
Ден соолук
Кувейттик дарыгерлер операцияга муктаж болгон балдарга акысыз кызмат көрсөтүүдө

Бишкекте Кувейттен келген дарыгерлер операцияга муктаж болгон балдарга акысыз кызмат көрсөтүүдө. “Үмүт” деп аталган кайрымдуулук медициналык кербени Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо 28-сентябрга чейин иштейт.

Кыркка чукул адистен турган топ бир гана бейтаптардын ден соолугуна кам көрбөстөн, ошондой эле жергиликтүү дарыгерлерге саламаттыкты сактоо боюнча ар кандай семинарларды өтүп, эл аралык тажрыйбалардан бөлүшүүдө. 

Бул медициналык кербендин Кыргызстанга болгон экинчи сапары. Жалпысынан 128 операция пландалган. Кувейттик дарыгерлер өздөрү операция жасаган балдарды онлайн түрүндө көзөмөлгө алып турат. Буга чейин мындай кербен ордо калаага ушул жылы жазында келип кеткен. Ак халатчан адистер кызматташтыкты мындан ары бекемдеп, келерки жылы Жалал-Абад жана Ош облустарына барарын билдиришти.