Жаңылыктар
Тасма таржымалы: Саякбай (аудио)
Маданият
Тасма таржымалы: Саякбай (аудио)

Кыргыздын гениалдуу, кайталангыс манасчысы Саякбай Каралаев өз элине кайра бир ирет кайрылып келгендей болду. Анткени, миллиарддаган адамзаттын ичинен өзгөчө касиет даарыган жана касиетин тумардай туткан, кызыл тил өнөрүн өргө чапкан, "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун эң жогорку көркөмдүк менен айткан манасчы тууралуу көркөм фильм тартылып, коомчулука тартууланды. "Тасма таржымалы" уктуруусунан “Жыйырманчы кылымдын гомери” аталган Саякбай Каралаев, ал инсан аркылуу Улуу “Манас” дүйнөсүн чагылдырууну максат кылган “Саякбай” фильми тууралуу сөз кылабыз. Уктуруунун редактору Умсунай Өсөрова, алып барган Чыңгыз Рыскелдиев.

Тасманын  башкы продюсери — Самат Ибраев

Режиссер-сценаристи – Эрнест Абдыжапаров

Композитору — Муратбек Бегалиев

Рольдордо:

Саякбай Каралаев  - жаш курагын Үмөт Дөөлөтов,орто курагын Нурмат уулу Бактыбек, улуу курагын Марат Жантелиев

Жубайы Бейшекандын жаш кезин Рахат Божокоева, улуу курагын Тынара Абдразаева ойносо, ал эми Чыңгыз  Айтматовдун образын уулу – Эльдар Айтматов жараткан.