Жаңылыктар
Жарандык активисттер талапкерлердин жүргүзгөн үгүт иштерине нааразы
Шайлоо 2023
Жарандык активисттер талапкерлердин жүргүзгөн үгүт иштерине нааразы

Жарандык активисттер Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, талапкерлердин үгүт өнөктүгү учурунда ар кандай ыплас ыкмаларды колдонуусуна тыюу салуу талабын коюшууда. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары иш күндөрү жумуш ордуларында жок, ар кандай үгүт иштерине кетип калганы активисттердин нааразычылыктарын жаратууда.  

Аткарылбаган убадалар- негизинен шайлоочуларды алдоо менен барабар экенин бүгүн атайын маалымат жыйын курган жаштар билдиришти. Мындан улам алар Борбордук шайлоо комиссиясына атайын кайрылуу даярдашкан. 

Ушул эле маалымат жыйында активисттер президентикке талапкерлигин коюп жаткан бизнес чөйрөнүн адамдары тууралуу пикирлерин билдиришти.

Бүгүн журналисттер үчүн дагы бир маалымат жыйынды Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Борис Воробьев өткөрдү. Ал президенттикке талапкерлердин бирин Бишкектеги ири унаа базарын мыйзамсыз менчиктештирип алган деп айыптап, аны кайтарууну талап кылды.
Воробьевдун билдиришинче унаа базары толугу менен ага таандык жана күбөлөндурүүчү бардык тиешелүү документтери бар.

Журналисттер бул иш боюнча ишкер эмне үчүн буга чейин кайрылуу жасалган эмес деген суроо узатып, ал унаа базардын күбөлөндүрүүчү документтери эми гана табылганын белгиледи. Эгер талапкер аны өз эрки менен кайтарып бербесе тиешелүү органдарга арыз менен кайрыларын кошумчалады.