Жаңылыктар
Кыргыз медицинасындагы жылыштар
Ден соолук
Кыргыз медицинасындагы жылыштар

Россия, Түркия жана Казакстандын медицина кызматкерлери Кыргызстандын клиникалык протоколуна "мыкты" деген баасын беришти. Мунун негизинде кыргыз медицинасы далилдүү медицина системасына өтүшү керек. Негизи эле, "клиникалык протокол", "далилдүү медицина" деген эмне жана бул система бизге эмне берет?

 

Жаш дарыгерлер ассоциациясынын төрагасы Элзар Токтоназаров далилдүү медицинанын натыйжалуулугун жакшы түшүнөт. Анткени ал бул багыт боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып келген. Эми өз мекенинде бул системаны киргизүүгө аракетин жасап жүрөт.

Дагы бир маанилүү фактор - клиникалык протокол. Кыргыз дарыгерлери күн-түн уктабай иштеп чыккан клиникалык протоколду орус, казак, тажик жана түрк дарыгерлери абдан жактырышат. Негизи бул эмне? Клиникалык протокол - бул бейтаптарды дарылоонун стандарты, оорулуу келгенде ага көрсөтүлүүчү жардам кандай башталып, кандай бүтүшү керектиги жазылган документ.

Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги бул багыт боюнча аймактардагы дарыгерлерди окутууда. Далилдүү медицина боюнча 40тан ашуун дарыгерге сертификат берилген. Бир сөз менен айтканда, далилдүү медицина - ар бир жарандын чөнтөгүнө жеңилдик берүү менен, укугун да коргоп, коопсуздугун камсыздап, сапаттуу медициналык жардам алууга негиз болот.