Жаңылыктар
Борбор калаада 30га жакын жүргүнчүсү менен маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды
Кырсык
Борбор калаада 30га жакын жүргүнчүсү менен маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды

Жол кырсыгы бүгүн, кечки саат 20:00да Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган. Күбөлөрдүн айтымында №212 маршруттук унаа 25-30га жакын жүргүнчүсү менен кесилиштен жеңил унаа менен кагышкан. 

Кагылуудан рулду башкара албай калган айдоочу тротуарга чыгып кеткен. Айрым жүргүнчүлөрдүн айтымында айдоочу телефонго алаксып кеткен. Бактыга жараша оор жараат алгандар болгон эмес. Көпчүлүгү жеңил жараат алышып, бир кош бойлуу аял гана көбүрөк жабыркап калган.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, кош бойлуу аялды жана бир нече жабыркаган жүргүнчүнү алып кетишкен. 

Сүрөттөр Турат Бектеновдун социалдык тармактагы жеке баракчасынан  жана sputnik.kg сайтынан алынды